Клара Алибекова: «Уулумду кыркы чыга электе апама таштап гастролго кеткем»

Белгилүү ырчы Клара Алибекова уулу Байэл Момунов менен SuperTV`да конокто болду. Маек учурунда эне-бала бири-бири тууралуу эл билбеген кызыктарды айтып беришти.

«Убакыт билинбей өтө берет экен. Уулум 19га чыгат. Балалык чагында өтө тентек, эрке болчу. Таене менен таятасынын колунда чоңойду. Андан кийин атам-апамдан алып өзүм чоңойттум. Ымыркай кезинде эле апама таштап, гастролдоп кеткем. Кыркы чыга элек болчу. Мен сагынып апама чалсам, «жакшы карап жатам, кайгырба» деп койчу», — деди ал.

«Мен таенем менен таятамдын колунда чоңойдум. Төрөт үйүнөн эле айылга алып кетишкен экен. Ошол жакта чоңойдум. Мен алардын уулундай эле болуп калдым», — деди уулу.