Клара Алибекованын уулу: «Апам ырдаба деп каршы болду»

Белгилүү ырчы Клара Алибекова уулу Байэл Момунов менен SuperTV`да конокто болду. Маек учурунда эне-бала бири-бири тууралуу эл билбеген кызыктарды айтып беришти.

«Апам менин ырдап чыгышыма каршы болду. «Бир үйдөн мен эле ырдап чыгып жатам го, ошол жетишет» деди. Ырчылык кыйын, оңой эмес деди. Аны деле түшүндүм макул дедим», — деди уулу.

Ал ошондой эле аны апасы менен атасы аркылуу тааныгандар бар экенин айтты. «Атаңа окшош экенсиң дешет. Мүнөзүмдү да атамдыкына окшоштурушат», — дейт ал.