“Клиптин сюжети жашоомдон алынды”. Асел Кадырбекованын жаңы клиби жарык көрдү

Ырчы Асел Кадырбекованын кырсыкка кабылгандан кийинки алгачкы клиби жарык көрдү. Ал мындан бир нече күн мурун “Кечикпечи” деген ырын коомчулукка сунуштаса, эми аталган чыгарманын клибин тартуулады.

Клипте ырчынын башынан өткөн акыркы окуялар чагылдырылат. Тагыраагы ырчынын турмушка чыкканы, кырсыкка кабылганы, аны бир канча маалымат каражаттары чагылдырганы көрсөтүлөт.

Асел Кадырбекова клиптин сюжети боюнча төмөнкүлөргө токтолду.

“Клиптин сюжети жашоомдон алынды. Жашоо кимге кандай сыноо бербесин тирүүлүк улана берет, жашоону жаңы барактан баштоо эч качан кеч эмес экенин башкаларга өзүмдүн мисалымда көрсөткүм келди”, – дейт ырчы.

Айта кетсек, Асел Кадырбекова өткөн жылы 26-июнда Бишкектеги Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгына кабылган. Анын кесепетинен бир канча убакыт ооруканада жатып, азыркыга чейин дарылануусун улантып келет.