КМШнын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы беларусь адабиятчысына ыйгарылды

Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы адабиятчы, жазуучу, Беларусь Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Беларусиянын Улуттук академиясынын академиги, философия илиминин доктору, профессор Гниломедов Владимир Васильевичке ыйгарылды. Сыйлыкты Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов менен Россиянын Федерация советинин төрайымы Валентина Матвиенко тапшырды

Сыйлоо аземи Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Санкт-Петербург шаарында өткөн Парламенттер аралык ассамблеясынын 52-отурумунун алкагында өттү.

Талант Мамытов лауреаттын чыгармаларын жана илимий эмгектерин жогору баалады.

«Бул сыйлык Владимир Васильевичтин адабият айдыңындагы көп сандуу эмгектерин жана анын адабиятты өнүктүрүүгө, маданияттарды жакындаштырууга жана КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы достукту чындоого кошкон салымын баалоо болуп саналат», — деди Мамытов.

Владимир Гниломедов ден соолугуна байланыштуу Санкт-Петербург шаарына, Айтматов атындагы сыйлыкты тапшыруу аземине келе алган эмес. Бирок видеобайланыш аркылуу аземге катышты. Ушуга байланыштуу сыйлыкты Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын ыйгарым укуктуу өкүлү Виктор Когут алды. Лауреат улуу жазуучу жана ойчул Чыңгыз Айтматов атындагы жогорку сыйлык ыйгарылгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Бул анын өмүрүндөгү чоң окуя экендигин белгилеп, 90-жылдардын ортосунда кыргыз жазуучусу менен кантип таанышкандыгын айтып берди.

«Мен аны адамдар кандай урматтарын көрдүм, бир жагынан жөнөкөй киши, экинчи жагынан гений болчу», — деди Владимир Гниломедов.

Өз кезегинде Валентина Матвиенко Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине КМШга мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгын белгилөө демилгеси үчүн ыраазычылыгын билдирди.

КМШнын ПАнын кеңеши өткөн жылы күзүндө онлайн режимде өткөн отурумда бир добуштан Владимир Гниломедовдун талапкерлигин колдогон. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу сыйлыкты эпидемиологиялык абал турукташкан соң салтанаттуу тапшыруу сунушталган.