Көчмөндөр оюндары ЮНЕСКОдо Кыргызстандын маданий мурасы катары катталды

Көчмөндөр оюндары ЮНЕСКОдо Кыргызстандын маданий мурасы катары катталды. Мындай чечим 16-декабрда Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитеттин 16-жыйынында кабыл алынды. “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: мурастын кайра жаралуусу, маданий көп түрдүүлүктүн салтанаты” бул тизмедеги Кыргызстан тарабынан берилген биринчи номинация.

Учурда ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине дүйнөнүн булуң-бурчунан материалдык эмес маданий мурастын 601 элементи, анын ичинде «Манас» эпосунун үчилтиги жана башкалар кирет.