Көчмөндөр оюндарын ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү каралат

ЮНЕСКОнун комитетинин 16-декабрындагы жыйынында Бишкек убактысы боюнча саат 15:45-16:10 аралыгында «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: мурастардын кайра жаралуусу, маданий көп түрдүүлүктүн салтанаты» ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча мыкты тажрыйбалардын тизмесине киргизүүсү каралат. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

“Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: мурастардын кайра жаралуусу, маданий көп түрдүүлүктүн салтанаты” — бул тизмедеги Кыргызстан тарабынан сунушталган биринчи номинация.

«Жалпысынан комитеттин жыйынында быйыл ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү үчүн дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн 59 номинация каралып жатат, анын ичинде «Италияда трюфельдерди издөө жана казып алуу: салттуу билимдер жана тажрыйбалар», «Голландиядагы гүлдөр жана мөмө-жемиштердин фестивалы”, “Таиланддын түштүгүндөгү Нора бий драмасы” жана башка номинациялар бар», — деп айтылат маалыматта.