«Элдин көзүнчө сабап, тепкилеп салчу». Ырчы Назгүл Токтакунова жигитинен зомбулук көргөнүн айтып чыкты

Ырчы Назгүл Токтакунова учурда коомдун көйгөйү болуп жаткан зомбулукка убагында кабылганын айтып, аялзатын өзүн сүйүүгө, баалоого чакырды.

— Менин алгачкы, ошол кездеги оюм боюнча жалгыз, чоң сүйүүмдү өмүрүм өткөнчө эстеп калдым. Ал кезде ыйлабаган күнүм болчу эмес. Азыр эмнеге чыдап мамилемди үзбөй жүрдүм экен деп ойлойм… Анда жаш, ишенчээк болчумун. Биринчи сүйүүм болгон үчүн көп нерсени түшүнбөй, оңолор деген үмүт менен жүрсөм керек. Алгачкы жолу ага айтпай туугандарым менен циркке барганда жаагыма жегем. Бейбаш кыз болсом да апам мага колун тийгизген эмес. А мында жигитим кол көтөрүп жатат, абдан нес абалда болгом. Эми мамилебиз бүттү го деп кетип баратсам дагы бир жолу бетиме чапты да сөгүп, кыйкырып баштады. Биз көчөдө турганбыз мен коркуп, нес абалда эч нерсе дей алган эмесмин…

Ошентип 2 жыл бою жолугушуп жүрдүк. Ал аралыкта ал көчөдө эл алдында болгон күчү менен мени тээп салчу. Айланада адамдар көрсө да унчукпай өтүп кетишчү. Ал ушунчалык кызганчаак болчу, жадакалса уруксат сурабай нанга чыга алчу эмесмин. Уруксаты жок чыгып бакты карап койсом да сөгүп, бакырып, сабап салчу. Мен дайым жеңи узун кийип жүрчүмүн. Анткени колум көгала болуп жүрчү, агаларымдан жашырчумун. Ал мага үйлөнөм деп айтчу. Кийинчерээк мындай жашоодо жаша албасымды билип, аны таштоону чечтим. Ал «үйүңдү өрттөп, агаларыңды өлтүрүп кетем, ата-энеңе кыз эмес экениңди айтам» деп коркутуп баштады. Бул нерсени кимге айтышымды билбей коркуп чыдап жүрө бердим. Бир учурда мага баары бир болуп калды…

Ал  мени коркутуу менен кармай албасын билип жалдырап, чөгөлөп көз жаш кылып кечирим сурап баштады, кайра коркутууга өттү… Окуяны айта берсең көп. Кезинде абдан коркчумун. Элестеткиле, жаш, жомоктогудай сүйүүнү каалаган кыз ушундай зомбулукка туш болуп жатканын…

Кудай мени жакшы көрүп, жол жок болуп бараткандай сезилгенде мага күч-дем берип турчу…

Мен муну эмнеге жазып жатам, кыздарды эрте турмушка шашпагыла дегим келет. Турмушка чейин өзүңөр калыптанып, коомдон ордуңарды таап алгыла. Бирөөнү сүйөрдөн алдын өзүңөрдү сүйүүнү үйрөнгүлө. Өзүн сүйгөн адам өзү үчүн жооп бере алат, эч кимге өзүн капа кылдырбайт. Эң негизгиси, өзүңөргө ишенгиле. Бир, эки, үч, он жолу болбосо өмүр бою ошондой болот деген кепилдик жок. Жакшылыктан үмүтүңөрдү үзбөгүлө , — деп жазган Токтакунова.