Кожожаш атыккан актёр Догдурбек Кыдыралиев: «Жубайым менен ажырашканда ичип кеткем»

«Ак илбирстин тукуму» тасмасында Кожожаштын ролун жараткан Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Догдурбек Кыдыралиев көп кабаттуу үйлөрдүн биринин чатырында жашап келет. Устаканага ылайыкташкан бир бөлмөлүү батирди белгилүү актёр Сүймөнкул Чокморов алып берген.

Кезинде кыргыз, казак тасмаларындагы ролу аркылуу дүйнөнү дүңгүрөткөн актёрдун тагдыры, учурдагы жашоосу тууралуу кеп курдук.

«Мен 26 жашта үйлөндүм. Ага чейин окудум. Биринчи келинчегимден 2 балам бар. Талаа-түздө көп жүрөсүң, кызганыч болот экен. Анан расмий түрдө ажыраштык. Балдарымдан ажыраган соң кыйын болду. 1-2 жыл арак ичип кеттим. Апам каза болду. Атам «балам, сен мындай болсоң, жоголуп кетесиң, үйлөн» деди. Азыркы келинчегим менен тааныш болчумун. Экөөбүз баш кошуп, 2 балалуу болдук. Келинчегим жакшы. Кызганып, ызы-чуу чыгарбайт», — деди ал.