Кожожаш атыккан актёр Догдурбек Кыдыралиев: «Ушул чатырда 1991-жылдан бери жашап келем»

«Ак илбирстин тукуму» тасмасында Кожожаштын ролун жараткан Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Догдурбек Кыдыралиев көп кабаттуу үйлөрдүн биринин чатырында жашап келет. Устаканага ылайыкташкан бир бөлмөлүү батирди белгилүү актёр Сүймөнкул Чокморов алып берген.

Кезинде кыргыз, казак тасмаларындагы ролу аркылуу дүйнөнү дүңгүрөткөн актёрдун тагдыры, учурдагы жашоосу тууралуу кеп курдук.

«Ушул жерде мен 2 балам менен 1991-жылдан бери жашап келем. Убагында үй боюнча Роза Отунбаевага, Алмазбек Атамбаевге да кайрылгам. Садыр Нуркожоевичке жардам бериңиз деп айтайын дедим эле. Азыр карып калдым. Бутум да жакшы эмес. Болгону ушул, ал эми жашоо жаман эмес. Дагы эле кино менен иштеп жатабыз. Жайында ысык болот. Кышкысын суук болду. Жашоо ушундай болуп жатат», — деди ал.