«Кожожаштын арбагы бар экен, аман калдыңар». Актёр Догдурбек Кыдыралиев тасма тартуу учурундагы окуяны айтып берди

«Ак илбирстин тукуму» тасмасында Кожожаштын ролун жараткан Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Догдурбек Кыдыралиев көп кабаттуу үйлөрдүн биринин чатырында жашап келет. Устаканага ылайыкташкан бир бөлмөлүү батирди белгилүү актёр Сүймөнкул Чокморов алып берген.

Кезинде кыргыз, казак тасмаларындагы ролу аркылуу дүйнөнү дүңгүрөткөн актёрдун тагдыры, учурдагы жашоосу тууралуу кеп курдук. Ал тасмадагы көчкүнүн алдында калган окуяны айтып берди.

«Кар көчкүнү тартып жатабыз. Ашыр Чокоев экөөбүзбүз. Түнкү саат 4тө альпинисттер чокуга кетти. Алар таш жол менен барып, кар жерин жардырышмак. 36 килограмм жардыргыч менен кетишти. Биз саат 10-11лерде кийинип, жөнөдүк. Тизеден бери кар. Ашыр экөөбүз көчкүнүн алдына бардык. Экөөбүз аркан менен байланышканбыз. Саат кечки 4 болду. Тоңуп калдык. Саат 5ке жакындаганда жардырды. Башында кичине эле кар келет экен. «Бул болбай калды» деп баштады. Ортолоп калганда эле көчкү көбөйүп кетти. «Качтык» деп кыйкырып, чуркадык. Кар түшкөн соң, анын илеби кулата урат экен. Адам биринчи башын катат экен. Көптөн кийин басылды. Тыптынч. Тартуучу топ 1 чакырым ары жакта турушкан. «Амансыңарбы?» деп кыйкырышы керек эле. Эч ким унчукпайт. Анан мен жипти тарттым. Ашыр аман экен. «Турба, азыр кайра тартып калабыз» деди. Бир аздан соң, мен болбой эле чыктым. Чыксам бир эле Океев камеранын алдында басып турат. Бирөө «живой» деп кыйкырды. Бери келгиле дегенсип чакырды, «азамат!» деп кучактады. Экөөбүз тең ыйладык. «Аман калдыңар, Кожожаштын арбагы бар экен» деди. Өлүп калсак кино токтоп, аны соттомок да», — деди ал.