«Көңүл айтабыз». Султан Садыралиев менен Мыктыбек Нурланбеков «Адамга адам керек» ырын түркчө ырдап чыкты

Пандемияда Султан Садыралиев менен акын Акбар Кубанычбековдун «Адамга адам керек» аттуу ыры жарык көрүп, ошол учурда кыйналып турган элдин жан дүйнөсүнө бир аз да болсо жардам берген.

Дал ошол ырды Султан Садыралиев менен Мыктыбек Нурланбеков түрк тилинде ырдап чыгышты. «Адамга адам керек. Түрк элине көңүл айтабыз», — деп жазды Султан Садыралиев. 

Түркияда 6-февралда жер титирөө катталган. Анын кесепетинен 41 миңден ашуун адам көз жумду.