«Көп жыл чыдап жүрдүм». Ырчы Каныкейге операция жасалды

Өзгөчө стили менен таанымал ырчы Каныкей учурда ооруканада дарыланууда. Көп жылдан бери ден соолугунда маселе болуп жүргөнү тууралуу ал СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.

— Студент кезден бери эле оору тынчымды алып келген. Кыргыздар ишибиз бүтпөй, ден соолукту экинчи планга коюп коёт экенбиз да. Акыры ден соолугумда чоң маселе жаралып, чыдатпай оорутканда ооруканага жатууга аргасыз болдум. Кечээ операцияны ийгиликтүү жасашты. Азыр, Кудайга шүгүр, абалым жакшы, акырындан басып, калыбыма келип жатам, — дейт ырчы.