«Кош бол, бойдокчулук!» Актриса Айгерим Саматова турмушка чыгат

Кечээ, 18-июль күнү актриса Айгерим Саматованын жигити колун сурады. «Кош бол, бойдокчулук! Эми күйөөгө качан тиесиң деген суроолордон кутулдум. Сизге дүйнөдөгү эң сонун айым жолукту», — деп жазган актриса.

Белгилей кетсек, актрисанын жүрөгүн багындырган жигит жаш ырчы — Мадияр Русланов.

Айгерим Саматованын жашоосундагы бурулуш тууралуу кенен маалыматты бир нече сааттан кийин «SUPERTV» каналынан көрө аласыздар.