“Коштошуу кыйын болду, ыйлагым келип турат…” Ольга Бузова расмий түрдө “Дом-2” долбоорунан кетти

Орусиянын белгилүү “Дом-2” телеберүүсүн билсеңиз керек. Анын алып баруучусу, ырчы Ольга Бузова аталган долбоордон биротоло кеткенин жарыялады. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Менин “Дом-2” реалити-шоусундагы окуям бүттү. Жакында телеберүүнүн жаңы съёмкалары башталды. Бирок менсиз. Көпкө ойлонуп, өмүрүмдүн 17 жылын өткөргөн долбоордон кетүүнү чечтим. Бул жерге келген күнүмдү унутпайм, анда мен 18 жашта болчумун. Чындыгында бул долбоор менен жашадым, сүйдүм. Теледолбоор мен үчүн шоу гана эмес, жашоом болуп калды. Берүүгө келип Ксения Собчак менен Ксения Бородинаны биринчи жолу көргөнүм, кийин алардын катарында алып баруучу болуп отурганым бүгүн эле болгондой эсимде. Мен үчүн бул жөн гана мүмкүнчүлүк эмес, укмуштай окуя болду жана бул күндөрдү эч качан унутпайм! Коштошуу кыйын болду, бирок сиздер сүйгөн ырчы болуп турганыма кубанам. Ар дайым жүрөгүмдөсүздөр! Азыр мен ушул текстти жазып, ыйлагым келип турат… Бирок кетишим керек! 12-апрель, 2021-жыл менин окуям, менин доорум, «Дом-2» реалити-шоу менен байланышкан жашоом расмий түрдө аяктады. Көзүмдөн жаш айланып турса да, бактылуумун жана алдыга жылышым керек. Баарыңыздарды жакшы көрөм”, — деп жазган ырчы.