Косметолог Мээрим Давлетова 3 уулдан кийин кыз күтүп жатканын ачыктады

4-наристесин күтүп жаткан косметолог Мээрим Давлетова менен жолдошу «гендер пати» уюштуруп, кыз күтүп жатканын билген видео менен бөлүштү.

«Менин катталуучуларым туугандарымдай болуп «кыздуу болуп ал» деп ак тилек тилеп, дуба кылгандарыңыздарга Кудай ыраазы болсун. Сиздердин үй-бүлөңүздөргө да бакыт орносун. Баарын иштеп сатып алсаң болот, бирок жүрөк алдында соккон дагы бир жүрөк Кудайдан көз каранды экен. Чындыгында, жолдошум кыз күтүп, ар бир УЗИге чогуу барчу. Бул жолкусунда барган жок. Мен билген соң, «гендер патиге» чейин эле айтып салдым. Өтө кубанды. Уккан күндөн баштап өзгөрдү. Өтө жумшарды. Кызыбызды колубузга алсак, эзилип такыр эле жок калат го«,- деп жазды ал.

Эске салсак, түгөйлөр буга чейин 3 уулдуу тарбиялап келишкен.