«Косылайыкка» барган кыргыз кызы Аида: «30 жашка чейин турмушка чыгып, 2 балалуу болушум керек»

Казакстандагы популярдуу «Косылайык» теле-шоусуна катышып жаткан кыргыз кызы Аида Багышбекова менен маектештик. Аида аталган долбоордун катышуучусу Актөрөдөн колдоо күткөнүн айтып, учурдагы тандоосу тууралуу да кеп кылды. «30 жашка чейин турмушка чыгып, жок дегенде 2 бала төрөп алышым керек» деген Аиданын маегин видеодон көрүңүз.

«Башында ата-энем да каршы болду. Өзүм да ойлондум. Чечим кабыл алдык. Бардым. Негизи ал жакка кээ бирөө хайп үчүн, кээ бирөө чындап турмушка чыгыш үчүн барат. Эми жашырганда эмне, меники 50/50. Мен чыгармачылыкта жүргөн адаммын жана ордумду тапкым келген. Бул мен үчүн жаңы ачылыш, өзүмдү таанытканга тепкич болду. Ошону менен бирге турмушка чыгышым керек. Карьераны биринчи орунга койбойм», — деди ал.

Ал ошондой эле апасы турмушка чыгышы керектигин айтса, атасы ата катары турмушка чыгуусун каалабай турганын айтты. «Мисалы, шоу чөйрөдөгү 30 жаштагы эжекелер бар. Аларды карасаң же карьерасында кыйратып бир нерсе кылган эмес, мега жылдыз эмес же үй-бүлөсү жок. Мен 30 жашка чыкканда жолдошум, 2 балам, жумушум, үй-жайым болсо деп ойлойм», — деди ал.