«Косылайыкка» барган кыргыз кызы Аида: «Балким мендеги эркелик мырзаларга жакпайт»

Казакстандагы популярдуу «Косылайык» теле-шоусуна катышып жаткан кыргыз кызы Аида Багышбекова менен маектештик. Аида аталган долбоордун катышуучусу Актөрөдөн колдоо күткөнүн айтып, учурдагы тандоосу тууралуу да кеп кылды. «30 жашка чейин турмушка чыгып, жок дегенде 2 бала төрөп алышым керек» деген Аиданын маегин видеодон көрүңүз.

«Мен жөнөкөй элемин. Кичине кыялым бар. Эркелик бар. Балким мендеги эркелик мырзаларга жакпайт», — деди ал мүнөзүнө токтолуп.

Ал ошондой эл бир тууган агалары дайыма колдорун айтты. «Колдошот, түшүнүштү. Менин ал жакка барганга акчам да жок болчу. Ага чейин иштебей эле болчумун. Ошол учурда ата-энем менен агаларым акча берди. Менин жашоомо аралашышпайт», — деди ал.