«Косылайыкка» барган кыргыз кызы Аида: «Негативди көтөрө албайт экенимди түшүндүм»

Казакстандагы популярдуу «Косылайык» теле-шоусуна катышып жаткан кыргыз кызы Аида Багышбекова менен маектештик. Аида аталган долбоордун катышуучусу Актөрөдөн колдоо күткөнүн айтып, учурдагы тандоосу тууралуу да кеп кылды. «30 жашка чейин турмушка чыгып, жок дегенде 2 бала төрөп алышым керек» деген Аиданын маегин видеодон көрүңүз.

«Атым Аида 2000-жылы туулгам. 23 жаштамын. Бишкекте төрөлүп-өскөм. 3 бир тууганмын. 2 агам бар. Музыка менен алектенем. Белгилүү болгон жагып жатат деп айта албайм. Себеби, негатив көбүрөөк болуп жатат. Негативди көтөрө албайт экенимди түшүндүм. Алып баруучу болуп жүргөндө деле негатив айтылчу, үйгө барып ойлончумун. Азыр эки элден тең болот экен. Ошол кичине жакпайт. Бирок менин кыялдарым орундалып жатканына Кудайга шүгүр», — деди ал.