«Кубанычымда чек жок». Данияр Эрматов экинчи ирет ата болду

Данияр Эрматовдун жубайы Айсалкын Садыкова көз жарды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ырчы өзү тастыктады.

«Кызымдын төрөлгөнүнө 2 сааттай эле болду. Эне баланын ден соолугу жакшы. Дарыгерлер баары жакшы дешти. Кубанычымда чек жок. Абдан сүйүнүп жатам. Куттуктоолорду кабыл алып жатам», — деди ал.

Данияр Эрматов менен жубайы 2020-жылы кыздуу болушуп, Рания деген ысым беришкен.