«Кубанычымда чек жок!» Ырчы Нурболот Теңизбек уулу кыздуу болду

«Чоро» тобунун солисти, жеке ырчы Нурболот Теңизбек уулу кыздуу болду. Кубанычтуу кабары менен ал социалдык баракчасына бөлүшкөн.

«Жаратканыма чексиз шүгүр! Ата болдум. Кубанычымда чек жок!» — деп жазган ырчы.

«Чоро» тобунун солисти Нурболот Теңизбек «Сүйүү балы», «Азгырба» жана башка ырлары менен таанымал. 2021-жылы сүйүктүүсүнө баш кошкон.