Кубик Калыков: «Менин ырларымды ырдап жүргөндөр Эл артистин алышты. Мага да сыйлык жетип калар»

Белгилүү куудул, ырчы Кубик Калыков балдары белек кылган унаасы менен тааныштырды. Маек учурунда Кубик мырза мамлекеттик сыйлыкка көптөн бери документ тапшырып жүргөнүн, бирок дагы деле жыйынтыгы боло электигин айтты.

«Азыркы ырчылар менин ырларымды ырдап жүрүшөт. Ошолордун алды Эл артисти болду. Сүйүнөсүң. Балким бизге да сыйлык жетип калар. Мен үмүт менен жашайм. Документ тапшыр дейт, тапшырып койгом. Аны жылда жаңылап туруш керек. Жылда жаңылайм, анан мен жылда эле жанагы соттолгон эмес деген маалымкат ала бергенден тажадым. Калганына макул элемин», — деди ал (күлүп).