Кудайберди Айтбосунов: «Жездем менен эжем мени улуу баласындай көрөт»

Ырчы Кудайберди Айтбосунов сырдашы, кеңешчиси, колдоочусу болгон эжеси Салтанат Айтбосунова менен SuperTV`да конокто болду.

Ырчынын айтымында, жездеси менен эжеси аны улуу баласындай көрөт. «Эжемдин 3 уулу бар. Алар менин биринчи фанаттарым. Жаңы ырым чыгары менен угушат», — деди ал.

Эжеси инисинин тою эсте калганын айтып берди. «Тойдо чуркап жүрдүм. Бир боорсок ооз тийбептирмин. Чогуу түшкөн сүрөт да жок экен. Дагы жакшы апам менен атам силердин каналга сүйлөп бериптир», — деди күлүп эжеси.