«Кухня» сериалындагы Айнура: «Кичине кезимде эле «артист болом» дечүмүн»

Кыргызстандык актриса Жаңыл Асанбекованы коомчулук орусиялык «Кухня» сериалы аркылуу тааныган. Көп жылдан бери Москва шаарында жашаган актриса менен аталган мегаполистен көрүшүп, анын жашоосу, чыгармачылыгы тууралуу маек кылдык.

«Москвадан салам. Бул жерде отуз үчүнчү кышты көрүп жатам. 1989-жылы келгенбиз. Ошол жылдары бети кызыл болуп келген кыргыздын кызымын. Жашыбызга жаш кошулду. 21 жашымда келгем. Кичинекей кезимден артист болом деп жүрчүмүн. Телевизордон спектаклдарды көрсөтчү, аны көрүп, эртеси мектепке келип, классташтарыма коюп берчүмүн. Алар мени жыргап көрүшчү», — деди актриса Жаңыл Асанбекова.