«Кухня» сериалындагы Айнура: «Менин карьерам 45 жашымда башталды»

Кыргызстандык актриса Жаңыл Асанбекованы коомчулук орусиялык «Кухня» сериалы аркылуу тааныган. Көп жылдан бери Москва шаарында жашаган актриса менен аталган мегаполистен көрүшүп, анын жашоосу, чыгармачылыгы тууралуу маек кылдык.

«1 уул, 1 кыздын ата-энесибиз. Уулубуз сүрөтчү, архитектор. Кызыбыз да чыгармачыл адам. Салондо иштейт. Орусиянын жараныбыз. Бул жерге үй салып алганбыз. 

«Кухня» сериалы боюнча менде өзүмө сын бар. Канча ойносоң дагы, өзүңдүн ойногонуң өзүңө жакпайт экен. Жакшы болбой калды, кайра тартпайсыңарбы дей берчүмүн. Баары бир өзүмө ыраазы болбой, дагы бир дубль кылса болмок дей берчүмүн. 45 жашымда тасмага тартылып, карьерам башталды. Бирок 45 жашта экенимди айтсам эч ким ишенген эмес»,— дейт ал.