Курмангазы Азыкбаев менен Кыргызбай Осмонов III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, III даражадагы “Манас” ордени менен композитор, музыкант, “Кыргыз Республикасынын музыка ишмерлер союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсү  Курмангазы Азыкбаев менен Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору Кыргызбай Осмонов сыйланышты.