Куудул Гүлжайна Атаканова Ардак грамота менен сыйланды

Киноактриса, сатирачы, алып баруучу Гүлжайна Атаканова Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды.

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, ошондой эле кесиптик ишмердигиндеги зор жетишкендиктери үчүн төмөнкү жарандар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты.