Куудул Гүлжайна Атаканова кыз төрөдү

Бүгүн, 29-июнда куудул, актриса Гүлжайна Атаканова Бишкек шаарындагы төрөтканалардын биринде көз жарды. Бул тууралуу куудул СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги менен сүйүнчүсүн бөлүштү. Анын айтымында, бир саат мурда көз жарган. Ымыркайдын салмагы 4 килограмм 300 грамм, бою 54 сантиметр.

«Төрөт оңой болду деп айтуу кыйын, азыр абалым жакшы. Мен дагы, кызым дагы медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндөбүз», — дейт Гүлжайна Атаканова.

Буга чейин куудул айым SUPER TV’га берген маегинде жасалма уруктандыруу жолу менен экинчи наристесин күтүп жатканын айтып берген эле.