Куудул Каныбек Разыков: «Балам «чоң атам каякта жатат, барып келбейлиби» дей берет»

SUPERTV телеканалы куудул Каныбек Разыковдун Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай айылында жайгашкан үйүндө конокто болду. Маек учурунда Каныбек Разыков уулдары чоң атасы раматылык куудул Рахман Разыковду көп эстеп сагынышарын айтат.

«Атам үйгө киргенде эле шаан-шөкөт менен кирчү. Атам келди деп балдар, мен, келинчегим кошо майрам болгондон ызы-чуу болот эле. Ортончу уулум атамды аябай жакшы көрчү. Сонун шаан-шөкөт болот эле. Атамды улуу балам билет. Андан кийинкиси деле билет. Ал «Чоң атам каякта? Каякта жатат, барып келбейлиби?» дей берет. Чоң атамды көбүрөк ошол ортончу балам эстейт», — дейт ал.