Куудул Назира Жетигенова: «8-мартка белекке Дубайга жолдомо алдым»

8-март — Аялзатынын эл аралык майрамына карата SuperTV телеканалы куудул Назира Жетигенованын апасына белек кылып, майрамдык маанай тартуулады. «Кызым тентек болгону үчүн төрөтканага жетпей, үйдө төрөлгөн» деген куудулдун апасы менен маек курдук.

«Учурдан пайдаланып Гүлжайна окуучума айтып коёюн. Атаканова мага Дубайга жолдомо белек кылды. Рахмат айтам. Апама деп жаткам, бирок дарыгерлер апама болбойт, кан басымы бар дешти, ошондуктан мага болуп калды», — деди ал.

Өзү белек алганды жана бергенди жакшы көрөрүн айтты.