Куудул Рахман Разыков каза болду

Куудул Рахман Разыков каза болду. Маалыматты анын кесиптештери тастыктап, азыр Ошко жол тартышканын кошумчалашты. Буга чейин биз куудул менен байланышканда, ал коронавирус илдети менен күрөшүп жатканын айткан. «Азыр Ошто ооруканадамын. 13 күндөн бери ооруп жатам. Абалым баштагыга караганда жакшы», — деген ал.

Рахман Разыков 1955-жылы 12-майда Ош облусунун Кара-Суу райо­нунун Таширов колхозунда азыркы Савай айылында төрөлгөн.

SUPERTV`нын эмгек жамааты куудулдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.