«Кыйынмын». Бишкекте айымдарга мотивация берүүчү сүрөт пайда болду

Basicolors арт-тобунун сүрөтчүлөрү Бишкекте Кыргызстандагы аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү темасына арналган “Кыйынмын” муралын тартышты. 

Сүрөттө балалуу келиндин колунда планшет жанында китептерди көрүүгө болот. Ошондой эле «кыйынмын» деген жазуусу бар. Мурал Осмонкул жана Күрөңкеев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

«Долбоордун максаты – аялдарды өзүнө ишенүүгө, кыялданууну унутпоого, турмуштун өйдө-ылдыйына, күнүмдүк кыйынчылыктарга карабай кыялдарына карай умтулуу үчүн ички күчтү табууга түрткү берүү», — дешет сүрөтчүлөр.