Кыл кыякчы Залина Касымова «Кочкордун ардактуу атуулу» аталды

Белгилүү кыл кыякчы Залина Касымовага «Кочкор районунун ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды. Сыйлыгы тууралуу ал өзү СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.

«2022-жыл жыйынтыгы менен мага «Кочкордун ардактуу атуулу» наамын беришти. Буга чейин мамлекеттик деңгээлдеги, чет өлкөдөн да сыйлыктарды алып жүргөм. Бирок өзүңдүн кичи мекениңдин алган сыйлык өзгөчө баалуу экен. Мурун «ардактуу атуулду» алды десе, улуу муундагы адамдарды элестетчүмүн. Көрсө, эмгек кылсаң, жашыңа карабай берилет экен. Мага «Кочкордун ардактуу атуулу» наамын ыйгарган жердештериме, аким Эрмекбай Омошовго анан, албетте, мени ар дайым колдоп келген ата-энеме ыраазычылык билдирем», — дейт Залина Касымова.