Күлкү күнү: Маданият министри Кайрат Иманалиев куудулдар менен жолукту

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев 1-апрель Күлкү күнүнө карата куудулдар менен жолугуп, баарлашты. Ага Кыргыз Республикасынын Эл артисттери Келдибек Ниязов, Күмөндөр Абылов, Борончу Кудайбергенов жана өсүп келе жаткан жаш куудулдардын жоон тобу катышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Кайрат Иманалиев өз сөзүндө аларды майрамы менен куттуктап, бул тармакта жасала турган бир катар иштерди белгилеп өттү.

«Сатира коомдук турмуштагы ошол чөйрөгө, түзүлүшкө ылайык келбеген айрым бир көрүнүштөрдү, адамдардын иш аракеттериндеги, мүнөзүндөгү жагымсыз сапаттарды күлкүгө алып, каймана маанисинде коомго жеткире турган чыгармачылыктын бир түрү. Андыктан, биринчи кезекте куудулдардын башын бириктире турчу театр же атайын иш бөлмө уюштуруп, алгачкы кадамдарды баштоо керек», — деди.
Ал сатира багытындагы режиссёр менен иштөөгө жана келечекте бул тармакты кеңейтүү үчүн куудулдар тарабынан даярдалган профессионалдык спектаклдерди, юмористикалык мыкты чыгармаларды эл алдына алып чыгуусун, келечекте ал чыгармаларды ЖМКдан байма-бай чагылдыруу керектигин кошумчалады. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө катышуучулар күлкү жана тамашалоо идеологиялык багытта күчтүү курал, таасирдүү тармак болуп саналары белгиленип, биргеликте иш алып баруу макулдашылды.