«Кымча белдүү эмес, саны кантет?». Кытай актрисасы хейтерлерге жем болду

36 жаштагы кытай актрисасы Лю И Фэй соцтармакта ролу үчүн эмес, дене түзүлүшү үчүн сынга кабылды.

Аталган актриса «Мулан» мультфильминде башкы ролду аткарганы менен таанылган. Андан тышкары, ал 20дан ашуун тасма жана сериалдарда роль жараткан. Учурда Кытайда анын катышуусунда «Сказка о розе / История розы» драма көрсөтүлүп жатат.

Жакында көрсөтүлгөн эпизоддун биринде актрисанын купальникчен болгону көрсөтүлгөн. Дал ошол кадрлар соцтармакта тарап, талкууга жем таштаган. Соцтармактын колдонуучулары актрисанын кымча белдүү эместигин жана жоон санын сындап, спортзалда машыгуу керектигин жазып жатышат.