Күмөндөр Абылов тасмага тартылуу үчүн сакал койду

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, режиссёр Бакыт Мукул жаңы тасма тартуу алдында турат. “One день түн” же “Бир күн-түн” деп аталган комедия жанрындагы тасмада баш каармандын ролун Кыргыз Эл артисти, Бакыт Мукулдун бир тууганы Күмөндөр Абылов аткарат. Ал тасмадагы образы үчүн атайын сакал өстүргөн. Ошондой эле баш каармандардын бирин актёр Эмил Эсеналиев менен Назира Айтбекова аткарат. Мындан сырткары аталган фильмде Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Акылбек Мураталиев, Азамат Исмаилов, Самат Эркинбеков, Эрмек Таалайбеков, Рүстөм Аскенов, Шумкар Бейшеналиев, “Чоро” тобунун солисти Нурболот Теңизбек жана башкалар тартылат.