«Күн кармаган бала» спектаклинин режиссерунун тегерегиндеги чуу боюнча Кыргыз драм театры үн катты

«Күн кармаган бала» спектаклинин режиссеру Уланмырза Карыпбаевдин куулгандыгы тууралуу билдирүүнү театр таануучу, публицист Жаныш Кулмамбетов соцтармактагы баракчасына жарыялады.

Бул билдирүүгө карата Кыргыз улуттук академиялык драма театры социалдык тармактагы баракчасында жооп жарыялады. Билдирүүгө караганда, театрдын жамааты Уланмырза Карыпбаев студент болуп жүргөн кезинде ага 3 спектакль койдурууга уруксат берип, 2 жылдай спектакль койбосо да театрдан айлык алып иштеген. Кийин Казакстандагы театрга иштөөгө кетип, Кыргызстанга келип, өз каалоосу менен Кыргыз улуттук академиялык драма театрынан кеткен.