Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы Ош шаарынан үй алды (видео)

Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы Ош шаарынан батир алды. Ырчы айым сүйүнүчтүү кабары менен социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.

«Ош шаарынан да батирлүү болдум. Жакшылыкты бөлүшсөң көбөйөт дейт го. Батирлүү болууну кыялданган ар бир замандашыма жуксун, насип кылсын. Кээ бирлер үчүн болгону батир болушу мүмкүн. Бирок мен үчүн — күн-түн дебей тынымсыз жүргөн жолдор. Уйкунун нормасы 4-5 күн катар толбой калса да, чарчап же ооруп турсам да билгизбей кашка тишти көрсөтүп, тойканага кирип, күлүп ырдап чыгып кеткен кызматтар. Кээде чыгармачылык жолдогу оош-кыйыштарга, жагымсыз жагдайларга туш болгондо чыдабай ыйлап-ыйлап алып, эртеси эч нерсе болбогондой “хээээй” деген маанай менен тосуп алган күндөр. Ар бир иштин өйдө ылдыйы болот дегендей, түйшүгүн көтөрө билип, рахатын сезе билгенге далалаттанган учурлар. Чыгармачылыгымды баалап жакшылыкка чакырган элим. Кудайдын ар тараптуу чачкан ырыскысы. Ушул жагдайлардын баарын бириктирип, себеп кылып артынан берген батир. Эми бир белди бекем бууп, оңдоо иштерин кылып алсам, буюрса Ошко келгенде өз паанегимде түнөп калам. Баарыбыздын ниет-максаттарыбыз ишке ашканды жаратканым насип этсин»,- деп жазды ал.