Күндүн ысыгында атактуулар кайсы жерде эс алып жүрүшөт?

Бишкекте бир нече күндөн бери мээ кайнаткан ысык болуп жатат. SUPERTV телеканалы ысыктан качып, эс алып жүргөн атактууларды топтоду.

Ырчы Айгерим Расул кызы жолдошу экөө эс алуусун Мальдив аралдарында өткөрүп жатышат. Ал катталуучуларын кубандырып, эс алуудагы сүрөт, видеолорун байма-бай соцтармактагы баракчасына жайгаштырууда.

Ал эми блогерлер Медер Нуркадыров менен Нуриза Бектурова Ысык-Көлдө эс алышкан сүрөттөр менен бөлүшүштү.

Ырчы Кайрат Примбердиев да үй-бүлөсү менен Ысык-Көлдө эс алды. «Биз да Ысык-Көлгө жеттик. Биз күткөн эс алуу»,- деп жазды ал.

Ырчылар Мурадил Данияров менен Элдос Алмаз да бир нече күндөн бери Ысык-Көлдө үй-бүлөлөрү менен эс алып жүрүшөт.

Ысык-Көлдө эс алып жүргөндөрдүн арасында актер Эмил Токтошев да бар. Ал жөн эле эс албастан, катталуучуларын вайн тартып, кубандырып жатат.

Тамада Кубанычбек Баркалбасов да үй-бүлөсү менен Бостериде эс алып жүргөн видеолор менен бөлүшүп жатат.

Актер Эрмек Таалайбеков менен жубайы Бекзада Жолборсова да көл жээгиндеги сүрөттөр менен бөлүштү.

Ысык-Көлдө эс алып жүргөндөрдүн катарында жылдыздуу түгөйлөр Аваз Акимов менен Айдана Дека да бар.