Кыргыз атактуулары кышкы эс алуусун кайда жана кандай өткөрүп жатышат? Сүрөттөрдүн топтому

Жаңы жыл жаңырып келери менен 1-9-январь күндөрү эс алуу күндөрү деп жарыяланган. Кышкы каникулду кыргыз атактуулары кайда жана кандай өткөрүп жатышат? Алардын соцтармактагы баракчаларына үңүлүп карап көрдүк.

Кыргыз Эл артисти Динара Акулова Караколдогу лыжа базада эс алып жүрөт. Ырчы айым жүктөгөн сүрөттөрдөн бул эс алууда кызы Малика Дина, Кыргыз Эл артисти Гүлнур Сатылганова, ырчылар Урмат Усенов, Неля, Нурлан Насип, шоумен Манас Алыкулов жүргөнү көрүнөт. Алар лыжа базасында Жаңы жыл тосуп, чыгармачылыгын тартуулаган чакан концерт өткөрүшкөн.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Асел Турдалиева Түркиянын Стамбул шаарында жүрөт.

Ырчы Алмаз Шаадаев Нарында аңчылыкта жүргөнүн соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирген.

«Аалам сулуусу-2018» сынагынын катышуучусу, модель Бегимай Карыбекова Мальдив аралдарында эс алып жүргөнүн жарыялады.