Кыргыз циркинин артисттери «Азия жаңырыгы-2022» эл аралык фестивалында мыктылардан болушту

Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин артисттери «Азия жаңырыгы — 2022» цирк өнөрүнүн 13-эл аралык фестивалына катышты. Эки коло медаль жана атайын сыйлыктарга ээ болушту. Бул тууралуу аталган цирктин соцтармактагы баракчасында жазылат. 

Фестиваль Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өттү.

Фархат Төлөков жетектеген “Аят” тобунун акробаттары алгачкы коло медалын жана көрүүчүлөрдүн атайын сыйлыгын алышкан. 

Ошондой эле Алмаз Алжанов жетектеген “Алмаз” жонглёрлор тобу коло медалга ээ болуп, Венгрияда өтө турган фестивалга жолдомо алышты. «Асман» акробатикалык дуэти Шымкент циркинен атайын сыйлыкка ээ болду.

Маалым болгондой, быйыл «Азия жаңырыгы-2022» фестивалына Франция, Израил, Венгрия, Монголия, Вьетнам, Орусия, Беларусь, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдөн 100дөн ашык өнөрпоз ат салышкан.