Кыргыз драм театры «Төлгө» спектакли менен сезонун жапты

Кыргыз улуттук академиялык драма театры 96-сезонун Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдык мааракесине арнап “Карагул ботом” пьесасынын негизинде коюлган спектакль менен баштап, кечээ, 20-июнда акын, драматург Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей” драмасынын негизинде даярдалган “Төлгө” спектакли менен жыйынтыктады.

Театралдык сезондо театр 30дан ашуун спектаклди 106 ирет койду, анын ичинде 7 (жетөө) премьера.

Театрдын директору Асылбек Өзүбеков театр күзүндө кайрадан күйөрмандар менен жолугарын билдирип, чыгармачыл жамаат күзгө чейин жаңы спектаклдерди жаратуунун үстүндө иштээрин айтты.