Кыргыз драма театры акыркы спектаклин көрсөтөт

Кыргыз драма театры жакынкы күндөрү сезонду жабат. Бул тууралуу театрдан билдиришти.

«Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата анын “Кызыл жоолук жалжалым” повестинин негизинде “Ашуу” спектаклин сахналаштырып, 16-июнь күнү саат 18:30да премьерасын өткөрөт. Ошондой эле 20-июнда 18:30да Жалил Садыковдун “Төлгө” спектакли менен сезон жабылмакчы», — деп жазылат маалыматта.