Кыргыз драма театры «Төлгө» спектакли менен сезонду жабат

23-июнда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры 97-театр сезонун Жалил Садыковдун калемине таандык Назым Мендебаиров сахналаштырган “Төлгө” спектакли менен жабат. Бул тууралуу аталган театрдан билдиришти.

Театр 98-театр сезонун ушул жылдын сентябрь айында салтанаттуу түрдө ачат.