Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымова 84 жашында дүйнөдөн кайтты

Бүгүн, 16-октябрда Кыргыз эл акыны, Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгы жана Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Майрамкан Абылкасымова 84 жаш курагында каза болду.

Ал 1936-жылы 7-ноябрда Кемин районундагы Алмалуу айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. 1958-жылы кыз-келиндер педагогикалык институтунун филология факультетин бүтүргөн. 1962-жылга чейин Ош шаарындагы облустук «Ленин жолу» гезитинде жана Ош педагогика институтунда иштеген.1961-жылдан 1991-жылга чейин «Ала-Тоо» журналында адабий кызматкер, «Поэзия» бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. Ошондой эле «Аялзат» гезитинде башкы редактор, 1995-жылдан баштап «Курманжан датка» фондунун төрагасынын кеңешчилигин аркалаган. Акындын алгачкы ырлары 1952-жылдан тартып жарык көрө баштаган. 1961-жылы «Кичинекей досторго» аттуу туңгуч ырлар жыйнагы чыккан. «Чолпон», «Эстелик сүйлөйт», «Быйыл жаздын гүлдөрү көп» аттуу жыйнактарына салттуу ыр түзүлүшүндөгү ырлар менен катар ритмикалык жаңы өлчөмдөгү, эркин ыр формасындагы чыгармалары кирген. Анын ырлары орус, украин, казак, монгол, немис, поляк, француз тилдерине которулган.

Майрамкан Абылкасымова кыргыз поэзиясына кошкон чоң салымы үчүн 1986-жылы «Ардак Белгиси» ордени менен, 2005-жылы III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган. 1970-жылы Ленин комсомолу сыйлыгын, 1980-жылы Кыргыз Эл акыны наамын алып, 1984-жылы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон.