Бүгүн, 17-апрелде 75 жаш курагында Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театрынын актрисасы, Кыргыз Республикасынын эл артисти Айтажи Шабданова дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.
Ал 1946-жылы 16-июнда Ош облусунун Араван районунда туулган. 1980-жылы Островский атындагы Ташкент театр институнун музыкалык драма артисти факультетин аяктаган. Айтажи Шабданова 14 жашында С.М.Киров атындагы (азыркы Бабур театры) Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театрында өз өнөрүн көрсөтүп баштаган. Өз өмүрүн кыргыз жана өзбек маданиятын, театр искусствосун өнүктүрүүгө арнаган Айтажи Шабданова өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин театрда иштеп келген.
Бабур театрынын сахнасында Курманжан Датка (С.Раев, «Канышанын көз жашы»), Биби Ханум (Ж.Садыков, «Бабур»), Толгонай (Ч.Айтматов, «Саманчынын жолу»), Адалат (С.Абдулла, «Адалат») сындуу бир катар образдары жогорку чеберчиликте аткарган. Айтажи Шабданованын кыргыз жана өзбек маданиятын, театр искусствосунун өнүгүшүнө кошкон эмгеги өз баасын алып, 1975-жылы Кыргыз Республикасында эмгек сиңирген артисти, 1980-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти, 1999-жылы «Даңк» ордени менен сыйланган.