Кыргыз Эл артисти Бактыбек Мамытовдун сөөгү жерге берилди (сүрөт)

Кыргыз Эл артисти, «Арноо концертин» алып барган легендарлуу диктор Бактыбек Мамытовдун сөөгү бүгүн, 21-майда «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилди.

Бүгүн аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү. Ага туугандарынан сырткары мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаттары, УТРКнын жетекчиси Кайрат Иманалиев жана кесиптештери катышты.

Бактыбек Мамытов кечээ, 20-майда 72 жашында көз жумду. Маалыматтарга караганда, анын көптөн бери жүрөгү ооруп жүргөн.