Кыргыз эл артисти Марат Алышпаевдин чыгармачылыгына быйыл туура 50 жыл толду. Анын өмүр баяны

Кыргыз эл артисти актёр Марат Алышпаев каза болду. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 5-апрелде саат 12:00дө театрда өтө турган болду.

Марат Алышпаев 1947-жылы Ысык-Көл облусунун Саруу айылында жарык дүйнөгө келген. 1972-жылы Луначарский атындагы Москва театр искусство институтун аяктап, ошол эле жылы өзү окуган курсу менен бирге Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрын түптөшкөн. Студенттик курагында эле өзүнүн курсунун жол башчысы болгон. 27 жашында Чыңгыз Айтматовдун «Ак кемесиндеги» Момун чалдын образын жаратуу менен театр маданиятына өзүнүн чыйырын сала алган. Бул чыгарма ошол учурда эң алгачкы жолу сахнага коюлган. 27 жаштагы жигиттин Момун чалды алып чыкканы театр сынчылары, чеберлери тарабынан алкоого алынган. Кийинчерээк Николай Гоголдун чыгармаларындагы баш каарманды, андан кийин Уильям Шекспирдин Гамлетин ойногон. 33 жашында Ричард IIIтү ойноп, күйөрмандарынын жүрөгүн багындырган. Ричард IIIкө Москвада окуп жүргөндө эле абдан кызыкканын ал өз сөзүндө көп жолу баса белгилеп айтып келген.

Кийин Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына ишке келип, улуттук театрдын репертуарындагы “Чыңгызхандын ак булуту” спектаклинде Чыңгызхандын, “Курманжан датка” спектаклинде Алымбек датканын, “Картаң айымдын келиши” спектаклинде Альфред Иллдин, “Макбет” спектаклинде Дункан падышанын, “Исхак Раззаков” спектаклинде Раззаковдун жана башка көптөгөн спектаклдерде эң мыкты образдарды жаратып келген.

Быйыл анын чыгармачылыгына туура 50 жыл толгон эле. Марат Алышпаев чыгармачылык менен катар жетекчилик кызматты да бирдей аркалап келген. Ал Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын директору, Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук комедиялык театрдын директору жана көркөм жетекчиси, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында директорлук кызматты аркалаган.

Театр маданияты менен катар эле кыргыз кино искусствосунун өнүгүүсүнө да зор салымын кошкон. 1987-жылы “Приют для совершеннолетних”, 1992-жылы “Шайтандын мөөрү”, 2003-жылы “Кара кыз”, 2012-2013-жылдары “Президент жана бомж”, “Президент жана бомж — 2”, 2016-жылы “Атанын керээзи”, 2021-жылы “Акыркы көч” тасмаларында кайталангыс образдарды жараткан.