Кыргыз Эл артисти Мурат Мамбетов: «Наам берилгенин укканда кубандым, ыраазы болдум»

Актёр, режиссёр, “Кыргызстан театр ишмерлери союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсү Мурат Мамбетовго «Кыргыз Эл артисти» наамы ыйгарылды. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги актёрду куттуктап чалганыбызда ыраазы болуп жатканын билдирди.

«Кубанып, сүйүнүп, ыраазы болдум. Президенттик аппараттан чалышып, эртең, 2-сентябрда наамды тапшыруу аземи болорун айтышты. Буюрса, барып алып келем», — деди ал.