Кечээ, 18-ноябрда Франциянын Маданият министри Рима Абдул-Малак Кыргыз Республикасынын эл артисти Муратбек Бегалиевге Искусство жана көркөм адабият орденинин кавалери наамын ыйгарды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.
Мындай даражалуу наамды тапшыруу аземи Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өтүп, ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу катышып, сыйлыкты Франциянын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа Делаус тапшырды.