Кечээ, 7-январда Кыргыз киносунун ардагери, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Муса Абдиев 89 жаш курагында каза болду.
Муса Абдиев 1934-жылы 23-февралда туулган. 1959-жылдан баштап «Кыргызфильм» киностудиясында иштеген. Ал кийим дизайнери, ассистент жана сценарист, продюсер болгон.
Муса Абдиевдин фильмографиясы:
- Төлөмүш Океевдин үч тасмасы: «Ак илбирстин тукуму», «Сүйүү закымдары», «Чыңгыз Хан”
- Геннадий Базаров тарткан үч тасма: «Саманчынын жолу», «Каныбек», «Көчө».
- «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» режиссёру Болот Шамшиев;
- «Түшүндүрмө издебе» режиссёру Жали Соданбек;
- «Провинциалдык романс» — режиссёру Мелис Убукеев;
- «Сундук предков» -режиссёру Нурбек Эген жана башкалар.
Маркум менен коштошуу зыйнаты 9-январда өтөт.